Кыргызстанда жашаган 18ге чыга элек балдардын 50,9% жакырчылыкта жашайт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин апрель айындагы анализинде айтылат.
Элет жериндеги калктын 48,8%, шаардыктардын 30,7%, 18 жаштан 64 жашка чейинкилердин 36,9%, 65 жаштан улуулардын 34,8% жакырчылыкта жашоодо.
Аймактардан жакырчылык тизмесинин башында Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусу турат. Статком жакырчылыктын индексин аныктоодо эл аралык ыкмаларды колдонгон.
Үйдөгү таза суу, киреше булагы, ден соолук кызматын колдонуу деңгээли, тамактануунун сапаты, билим деңгээлине байланыштуу жагдайлар эске алынган.