Кыргызстанда 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасы жакшыртылат. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салган учурда айтты.
Мамлекет башчы күн сайын Кыргызстандын кооздугу жөнүндө алыстан уккан туристтер өлкөгө келүүнү каалашарын айтты.
"Өлкөбүздө туристтер көрө турган табигый кооз жерлерибиз көп эле. Ошентсе да 7 дубандын ичинде жайы-кышы дебей туристтер үзүлбөгөн керемет көл кылаасы экендиги талашсыз. Мына ошол өлкөбүздөн бермети болгон Ысык-Көлгө туристтерди аба мейкиндигинен кыргыздын меймандостугу менен тосуп алуучу жай — облустагы эл аралык статусу бар аэропортторубуз болуп саналат. Ошондуктан эл аралык аэропорттор өлкөнүн негизги аба дарбазасы деп бекеринен аталбаса керек.
Мына ушул себептен улам, эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири - деди мамлекет башчысы.