Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Тилекке каршы, согушка кеткен уул-кыздардын баары кайтып келген эмес, көбү дайынсыз жоголгон. Боордоштор көрүстөнүндө ар улуттуу элдердин 248 мыкты эр жүрөк кыздар, балдары көмүлгөн.
Боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана дайынсыз жоголгон жоокерлер эскерилди. Мында согуштун ардагерлери, тылдын эмгекчилери, Ленинград блокадасынын катышуучулары, аскер кызматкерлери чогулушкан.
Аскерлер салтанаттуу марш менен өттү. Каза болгондордун элеси бир мүнөт эскерилип, баатырлардын мемориалына гүлчамбарлар коюлду.
Согуш талааларында 360 миң жоокер салгылашкан. Иш-чаранын башкы максаты жаркын жашоо тартуулаган баатырларды эскерүү менен тарыхты бурмалоого жол бербөө. Өткөндүн чыныгы картинасын келечек муундарга жеткирүү.