Жаңылыктар
Бишкекте оркестр жамааттарынын арасында республикалык кароо-сынак өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте оркестр жамааттарынын арасында республикалык кароо-сынак өтүүдө

Бишкекте оркестр жамааттарынын арасында республикалык кароо-сынак өтүп жатат. 

Ага борбор калаадагы жана ар аймактардан 17 чыгармачыл топ катышууда. Мындай кароо-сынак алгачкы жолу уюштурулду.

Ноокат районунан келген оркестр тобу тажрыйбалуу мугалимдерден топтолгон. Райондогу беш музыкалык мектептин окутуучулары биригип, бир чыгармачылык топту түзүшкөн. Алар оркестр жамааттарынын кароо-сынагына катышып жаткан командарлардын арасында жашы эң улуулары болуп саналат.

Бири комузда кол ойнотсо, бири башка аспапты өздөштүргөн. Дагы бири булбулдай үнүн созуп ырдайт. Жандуу музыканын талаптагыдай чыгышы үчүн баарын дирижёр башкарат. Оркестр дал ушундай өзгөчөлүккө ээ.

Кароо-сынак 7-май күнү Улуттук тарых музейинде гала-концерт менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр жарыяланат.