Президент Садыр Жапаров 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө Конституциялык сотко барды.
Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев Мамлекет башчысына сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берди.
Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Андан соң, Конституциялык соттун кеңешүүчү бөлмөсү менен таанышып, каалоо-тилектер китебине эстеликке жазуу калтырды. Ошондой эле, Конституция күнүнө арналган жалпы республикалык сынакта жеңүүчү болгон үч студентти жеңиши менен куттуктады.
Садыр Жапаров алгачкы Конституция салган чыйырга ылайык, өлкөдө жаңы экономикалык тартиптер жана нравалык баалуулуктар түптөлгөнүн, алар Кыргызстандын дүйнө коомчулугуна тең укуктуу жана толук кандуу мүчө катары кошулушуна өбөлгө болуп бергенин белгиледи. Ошондуктан, 2021-жылдын 11-апрелиндеги Референдумда кабыл алынган Конституцияга 2021-жылдын 5-майында кол койгон.
Президент белгилегендей, жаңы Конституция — коомдогу негизги саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарын эске алган, талашып-тартышып олтуруп тактыкка жеткен компромистин үзүрү болду.
"Бийликти бөлүштүрүү принциби качан гана Конституциялык Сот калыбына келтирилип, анын ыйгарым укуктарын күчөткөн мезгилде гана таасири арта баштады. Адам укуктары менен эркиндиктери эл аралык стандарттарга толук шайкеш келгендей жана реалдуу белгилерге ээ болгондой тутумдаштырылып, иретке келтирилди.
"Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп тамырынан өзгөртүлдү. Башкаруунун Президенттик формасына өтүү дагы оңой-олтоң болгон жок, бирок ал демократиялык принциптерден баш тарттык дегенди туюндурбайт. Элдин тандоосу ушундай болду. Башыбыздан кечирген оош-кыйыш жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкөбүздү жоопкерчилик менен башкарууга мезгил жетти. Ошону менен бирге, элибиздин кылымдарды карыткан тарыхын урматтап, кеңири ыйгарым укуктарга ээ элдик Курултай демократиялык институтунун киргизилиши калкка өз бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашырууга шарт түзөт дегенди түшүндүрөт. Баш мыйзамга ылайык конституциялык түзүлүштүн негизи болгон адам укуктары менен эркиндиктери, жеке менчик, экономикалык ишмердиктин эркиндиги сыяктуу баалуулуктар укуктук, демократиялык мамлекеттин өзөгүн түзөт жана ал Конституциялык Соттун коргоосунда болот", - деди Мамлекет башчысы.