Жаңылыктар
LBMA «Кыргызалтындын» аффинаждык заводуна «Good delivery» эл аралык статусун калыбына келтирди
Кыргызстан жаңылыктары
LBMA «Кыргызалтындын» аффинаждык  заводуна «Good delivery» эл аралык статусун калыбына келтирди

Министрлер Кабинети Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун “Good delivery ” макамын калыбына келтирүү чечимин кубаттайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

“Кыргызалтын” акыркы жылдагы эң ири алтын өндүрүүчү ишкананын кожоюну алмашкан окуяларда көптөгөн сыноонорлорго чыдап, текшерүү процедурасынан татыктуу өтүшү керек эле. 

Биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары LBMA алкагында өз милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. 

«Кыргызалтындын» аффинаждык заводу мындан ары да LBMAдеги бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров. 

Ал кошумчалагандай, кыргыз алтынынын дүйнөлүк рынокко толук кандуу чыгуусун калыбына келтирүү тууралуу кабыл алынган чечим Президенттин ишмердүүлүгүн, адилет саясатын таануу болуп саналат.