5-май – Конституция күнү. Баш мыйзам 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-сессиясында кабыл алынган.
Ошондон тарта биздин өлкө Кыргыз Республикасы деп аталып, 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин конституциясы күчүн жоготкон.
Конституция – коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү, шайлоо системасына, мамлекеттик органдардын ишин жана уюштуруу негиздерин аныктоочу, жарандардын укуктарын белгилөөчү мамлекеттин негизги баш мыйзамы.
Кыргызстан эгемендик алгандан мамлекеттик туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы кабыл алынып, булардын баардыгы тең Конституция менен бекитилген.
Быйыл Конституциянын кабыл алынганына 29 жыл болду.