Бул айда билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын кызматкерлери көбөйтүлгөн айлыктарын алышты.
Өлкө боюнча 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулатылды. Бул максатка кошумча 26 млрд сом бөлүндү. Айлык акы 50дөн 100%га чейин жогорулады.
Министрлер Кабинети кийинки жылдары эмгек акыны жыл сайын 20%га көтөрүүнү пландоодо.