Жаңылыктар
Өсүмдүк майдын баасы арзандаганы кабарланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өсүмдүк майдын баасы арзандаганы кабарланууда

Бишкектин супермаркеттеринде суу май 18-21 сомго арзандап, бир литри 156 сомдон 176 сомго чейин сатылууда. 

Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирет. 

Маалыматка караганда, "Народный", "Глобус", "Фрунзе" сыяктуу соода түйүндөрүндөгү баага мониторинг жүргүзүлгөн. Соода түйүндөрүнүн администрациясынын маалыматы боюнча, продукциялар үзгүлтүксүз келип жатат жана товарлардын кору жетиштүү. Суу май ташыгандар кошумча нарк салыгынан бошотулган.