Жаңылыктар
Баткен облусунда республикалык деңгээлде улуттук ат оюндары өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда республикалык деңгээлде улуттук ат оюндары өтүп жатат

Оюн Кадамжай районунда болуп, өлкөнүн жети дубанынан жалпы 26 команда ат салышууда. 

Бул туурасында Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Белгилүү болгондой, жалпы байге фонду 3 миллион 500 миң сом. Улуттук оюндардан ат чабыш, көк бөрү, ат оюндары эр эңиш жана салбуурун оюндары 9-майга чейин өткөрүлөт. Улуттук ат оюндары 9-май - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына, СССРдин эл артисти, советтик жана кыргыз киносунун сыймыгы Сүймөнкул Чокморовдун, белгилүү каскадёр жана режиссёр Үсөн Кудайбергеновдун жана Кадамжай районунан чыккан меценат Умсунай Эркинбаеванын жаркын элестерине арналып өткөрүлүүдө.