Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого карата пландалган иш-чаралар башталат.
Ага ылайык, бүгүн Дайыр Асанов атындагы сейил багында митинг-реквием, ардагерлерге арналган концерт болот. 5-майда “Жеңиш ырлары” автожүрүшү өтөт. 9-майда түштө майрамдык концерт, ушул эле күнү салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат.