Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майдын таңында Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Мантыш айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.