Сокулук районунда тогуз тоннага жакын сүттү дарыяга төгүү фактысы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан текшерүүгө алынды. Анын натыйжасында сүт ташыган унаанын айдоочусунун өздүгү такталган. Ал арада жергиликтүү тургундар заводдор сүттү кабыл алуудан баш тартып жатканын айтышууда.
Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барып, абал менен жеринен таанышкан.