Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
"Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай. Орозо – бул ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Мына бүгүн Рамазан айын да жыйынтыктадык. Отуз күн бою ибадат кылып, орозо кармап, Аллахтын ыраазычылыгын издеп келдик.
Ар бирибиз Рамазан деген устат айдан көптөгөн сабактарды алып, эми аны жашообузда колдонгонго аттанып турган кербезибиз. Рамазан айында жаман айтуудан, ушактан жана ар кандай жаман адаттардан арылдык. Мындан ары да бул адаттарыбызды уланталы. Мусулман кишинин ар бир кыймылы ибадат боло турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Аллахтын айткандарын аткарсак басканыбыз, сүйлөгөнүбүз, атүгүл уйкубуз да ибадат болуп эсептелет.
Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кемчиликсиз кабыл кылсын. Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн. Эки дүйнө бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын!
Айтыңыздар маарек болсун!" - деп айтылат муфтийдин куттуктоосунда.