Жаңылыктар
УКМК: БШКнын мурдагы төрөгасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: БШКнын мурдагы төрөгасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, БШКнын мурдагы төрөгасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ал БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. 

Абдраимов өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун “Жээк” айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон “Кайнар” ишканасына аянты 11,2 га болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган. Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” ишканасы 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом “Кайнар” ишканасына төлөп турган. 

Бирок, “Кайнар” ишканасы таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жок кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды. 2022-жылдын 30-апрелинде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Абдримов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.