Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттордун судьялары менен видеоконференция байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү. Жыйында төрага судьяларды ротациялоого байланышкан мамлекет башчынын жарлыктары тууралуу маалымат берип, соттор 100 пайыз ротация болгондугун маалымдады.
Замирбек Базарбеков кеңешменин катышуучуларына өткөн айда судьялардын XII курултайында президент Садыр Жапаров акыркы жылдарда жергиликтүү сотторду тандоодо тең салмактуулук эске алынбай жаткандыгын баса белгилегендигин эскертти. Талдоо көрсөткөндөй, судьялардын азыркы сапаттуу курамынын басымдуу бөлүгү өздөрү туулуп-өскөн аймактарда судья болуп дайындалып иштешкен. Анын үстүнө 7-10 жылдан ашык бир жерде иштеген соттор да бар. Ал эми мындай фактылар Фемида өкүлдөрүнүн калыстыгына шек келтирип, коомчулуктун негиздүү сын-пикирлерин жаратууда. Ошол себептен, Президент Садыр Жапаров сотторду ротациялоо зарылдыгы керек экендигин айткан.