Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ата мекендик ишканалар менен таанышуу алкагында Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Биовит» дары-дармек чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал өндүрүштүк жайларды, лабораторияларды кыдырып чыгып, ошондой эле жаңы заводдун имаратынын курулушун көрдү.
Ишканага барууда Бакыт Төрөбаев фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында тармактын актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик колдоо, маркировкалоо, дарыларды каттоо жана экспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бакыт Төрөбаев Министрлер Кабинетинин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алууну жактай тургандыгын билдирди. «Биздин максат – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экономика, өнөр жай тармагын, анын ичинде фармацевтика тармагын мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Бул импортту алмаштыруу маселелерин чечип, өлкөнүн ички рыногун тийиштүү дары-дармектер менен камсыздап, келечекте экспортко чыгууга мүмкүндүк берет», - деди ал.