Жаңылыктар
Мал аткезчилери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мал аткезчилери кармалды

УКМК тарабынан жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен ири жана майда мүйүздүү малды республиканын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Тактап айтсак, ал акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган. Алар 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты. Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.