Президент Садыр Жапаров ордо калаада дагы бир мектептин курулушу үчүн капсула салды. Бишкек шаары боюнча эле бир учурда 15 билим берүү жайы, 5 бала бакча салынууда. Рухий-Мурас жаңы конушунда кандай билим уясы тургузулат? Кабарчыбыз айтып берет.
Рухий-Мурас жаңы конушундагы бул жерде 700 орундуу жаңы мектеп курулат. Имарат 3 кабаттуу, 3 блоктон турат. Окуу комплекси, спорт залы жана жыйындар залы камтылган. Сметалык баасы 210 млн сом.