Жаңылыктар
Бишкек шаарында “Манас айылы” комплексин реконструкциялоонун долбоору сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында “Манас айылы” комплексин реконструкциялоонун долбоору сунушталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты.

Буга чейин Мамлекет башчысы интервьюларынын биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун, анткени анын азыркы абалы өтө начар абалда экенин белгилеген.

Садыр Жапаров белгилегендей, азыр комплексти өзүнүн атына татыктуу кылып, анда борбордун тургундары, коноктору убактысын ырахат менен өткөрө тургандай кылып калыбына келтирүү милдети турат.