Жаңылыктар
Садыр Жапаров күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы үчүн зал курууга капсула салды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы үчүн зал курууга капсула салды

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спорттук жайдын курулушун баштоого капсула салды. Буга чейин Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетине спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндердин өзүнчө машыгуусуна ылйыкталган спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган.