Азыркы учурда унаа токтотуучу жайлар боюнча алар кайда жайгашканы, канча адам унаасын токтотору жана башкалар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.
Адистердин белгилөөсүндө борбордо турак үйлөрдүн арасына салынган бир катар унаа токтотуучу жайлар мыйзамга туура келбейт. Муниципалитеттин белгилөөсүндө унаа токтотуучу жайларды шаардын сыртына көчүрүү керек. Ал эми алардын ордуна ошол эле компанияларга көп кабаттуу акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай куруу сунушталат. Бул долбоор учурда иштеп чыгуу баскычында.