Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ордо калаага канча автобус алуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, жыл аягына чейин шаарда жаңы 500гө жакын автобус пайда болот.
Учурда 120 электробус сатып алынууда, тендерлер ратификациядан өттү. Андан тышкары, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу 140 газ менен журүүчү автобус сатып алынат.
Ошондой эле мэрия 1 миллиард сомго заманбап жапыз кабаттуу автобустарды алууну мерчемдөөдө. Аны менен катар өкмөт 150-200 автобус сатып алууга көмөк көрсөтүүнү пландоодо.