Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаарынын күнү!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек шаарынын күнү!

Бүгүн, Бишкек шаары 144 жашка чыкты. Бул датага карата борбор калаанын тургундарын жана конокторун кызыктуу майрамдык программа күтүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда 22:30га чейин уланган концерт уюштурулат. 

29-30-апрель күндөрү саат 13:00дө 7-кичирайонунда Безымянная 38 бөлчөк 1 дарегинде жайгашкан «Мушкетёрлор» клубунда фехтование мектебинин Бишкек шаарынын кубогу үчүн өспүрүмдөр жана кадеттер арасында мелдеши өтөт.

Саат 09:00дөн 12:00гө чейин Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын арасында спорттун 5 түрү боюнча жазгы спартакиада пландаштырылууда. 

Ошондой эле, саат 9:30дан баштап Келечек конушундагы №87 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында: пионербол, кичи футбол, аркан тартыш, эстафета, дартс боюнча мелдештер өткөрүлөт, ошол эле учурда Широкая көчөсү 2а дарегинде жайгашкан №16 орто мектепте, Москва көчөсү 59 дарегиндеги №11 орто мектепте да аталган спорттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. 

Ал эми саат 09:00дөн 14:00гө чейин “Мото” соода борборунда мектеп окуучулары арасында стол тенниси боюнча мелдеш өтөт. Ден соолук паркында Бишкектин стритбол боюнча ачык мелдеши даярдалууда. Мэрия бишкектиктерди жана шаар конокторун Бишкектин күнүн бирге белгилеп, жакшы маанай менен эс алууга чакырат.