Жаңылыктар
Бишкек-Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыктан ЭлТР телеканалынын кызматкери каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыктан ЭлТР телеканалынын кызматкери каза болду

27-апрелде, болжол менен саат 16:50лөр чамасында Бишкек - Торугарт айланма автожолунда Opel Zafira менен КамАЗ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, ЭлТР телеканалынын кызматтык унаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алдында кетип бараткан КамАЗды артынан сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен Opel Zafira унаасынын айдоочусу жеринде каза болгон. Ал эми жеңил унаанын эки жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген. Аталган факты каттоого алынып, унаалар айып жайына токтотулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

“Ала-Тоо 24” маалыматтык каналынын жалпы эмгек жамааты ЭлТР телеканалынын кызматкерлерине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.