Бүгүн, таңкы саат 04:28де Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология инситутунан билдиришкендей, жердин силкинүүсү Шоро-Башат, Таштак айылдарында 4 балл, Жыланды, Красный Маяк, Чеке-Дөбө, Калта айылдарында 3,5 балл, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай, Кыргызстан, Жийде, Чангет, Маркай, Таш-Булак, Багыш, Ладан-Кар, Сузак, Жар-Кыштак, Бек-Абад, Благовещенка айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Аке, Бостон айылдарында жана Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 2,5 баллга чейин сезилген.