Борбор калаада таштанды сорттоочу линия курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Министрлер кабинети быйыл таштанды сорттоочу завод куруу милдетин койгон. Мындан беш жыл мурун полигон маселесин чечүүгө 22 миллион евро бөлүнүп, анын жарымы гана калганын айткан калаа башчы 11 миллионго таштанды сорттоочу линия ачуу мерчемделгенин билдирди.
Ал мэр болгондон кийин 11 миллион евро кайда кеткенин тактап жатканын, муну менен Эсеп палатасы дагы алек экенин айтты. Линия ачылса, таштанды полигонунун көйгөйү 30 пайызга чечилет, - дейт ал.
Буга чейин эл аралык донорлор, инвесторлор, элчилер жана бир катар чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөнүн, ушул жумада немец компаниялары менен таштандыны өрттөп же кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандумга кол коюуларын кошумчалады. Ал таштандынын көлөмү канчалык көп болсо, ишкана ошончолук кирешелүү болорун белгиледи. Пландаштырылган завод Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорун да камтышы үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.