Жаңылыктар
Регионалдык саясат концепциясынын долбоорунун негизги максаттарынын жана милдеттеринин бетачары болду
Кыргызстан жаңылыктары
Регионалдык саясат концепциясынын долбоорунун негизги максаттарынын жана милдеттеринин бетачары болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тапшырмасы боюнча өлкөнүн экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган «2023-2027-жылдарга карата Кыргызстандын регионалдык саясатынын концепциясынын долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери» темасындагы бетачар өттү. 

2023-2027-жылдарга регионалдык саясат концепциясынын негизги максаты – республика аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу. 2023-2027-жылдарга регионалдык саясат концепциясынын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: - аймактарды пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасы; - региондордун экономикасы; - өнүгүүнүн таяныч пункттарын комплекстүү өнүктүрүү (урбанизация); - региондорду директивалык колдоо. 

Бетачардын жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары аймактарды өнүктүрүүнүн концептуалдык мазмунун жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштарды беришти. 

Айтылган сунуштарды эске алуу менен Кыргызстандын экономика жана соода министрлиги тарабынан регионалдык саясатынын концепциясын толуктап иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат.