Жаңылыктар
Чүй облусунда өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди

Чүй облусунда өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди. Кыска убакыт аралыгында аймактагы ички керектөөнү камсыздоо ниетиндеги завод кийинки жылдары дагы кеңеет. 

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу ири долбоордун ачылышына айыл чарба министрлиги менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө болушту. Кийинки планда дагы көп жерлерге чакан өндүрүштөрдү ачып импорттолгон майдын көлөмүн кыскартуу аракети бар. Учурда өлкөнүн өсүмдүк майга жылдык керектөөсү 400 миң тоннага чейин болсо, анын төрттөн бир бөлүгү гана ички өндүрүштөн.