Дүйнөлүк банк 2024-жылга чейин баалар өсөт деп божомолдоодо. Буга Украинадагы кырдаал себеп. Өз кезегинде БУУ бир жыл аралыгында азык-түлүккө болгон баа 3 эсе кымбаттагандыгы тууралуу билдирүүдө. Казакстандыктар күндөн-күнгө товарлар кымбаттап жаткандыгын айтса, Россия менен Өзбекстан дагы бааны турукташтыруу аракетинде.
Сурамжылоо ушул айдын башында жүргүзүлгөн. Ал эми расмий маалыматтарга ылайык, Россияда 1-январдан 1-апрелге чейин биринчи керектелүүчү товарларга баа дээрлик 10 пайызга өскөн. Жергиликтүү аналитиктер жыл аягына чейин көрсөткүч 40% жетиши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда.