Жаңылыктар
Республика боюнча 45 миңден ашык кассалык-көзөмөл машина колдонулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Республика боюнча 45 миңден ашык кассалык-көзөмөл машина колдонулууда

Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миңден ашык кассалык-көзөмөл машиналар колдонулууда. Ага ылайык былтыркы жылдын биринчи кварталы менен быйылкы жылдын үч айлыгын салыштырганда 26-30 млрд сомго салык көп чогултулду.

Борбор шаарда жайгашкан бул дүкөн февраль айынан бери Кассалык көзөмөл машиналарын колдонууда. Күнүнө беш жүз менен миңдин ортосунда киши кирип, соода кылат. Администратордун айтымында ККМ аппаратын колдонуу менен эсеп-чоттун түйшүгү бир аз жеңилдеди. 

ККМ ишкердин же салык органдарынын гана түйшүгүн жеңилдетпестен, карапайым керектөөчү үчүн дагы маанилүү. Анткени жараксыз буюм, чак келбеген кийим-кече сатып алганда алмаштырганга келгенде колуңузда чек болушу зарыл. Көп учурда карпайым керектөөчүлөр базардан соода кылгандыктан чек талап кылгандар аз. Ага жараша алар же алмаштыра албай, же алган товарын кайра кайтарып бере албай калышат.

Салык кызматынын билдиришинче жарандардын күнүмдүк тиричилигине зарыл буюм-тайымдарды, азык-түлүктөрдү саткан жайлардын бардыгы ККМ аппараттарын колдонууга милдеттүү. Колдонбогондор үчүн айып пул каралган.