Медицина кызматкерлери жогорулатылган айлык акыларын алышты. Маяналары 50%га көтөрүлгөн. Буга милдеттүү камсыздандыруу фонду 1 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлгөн.
Жугуштуу оорулар дарыгери Динара Чаликова апрель айынынын маянасын чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Айтымында, эсебине өзү күткөндөн дагы көбүрөөк каражат түштү. Айлык акысынын 50% жогорулатылганына карабастан бардык кошумча категориялар сакталган.
Апрелден тарта саламаттык сактоонун бардык кызматкерлеринин маянасы жогорулады. Медайым Рыскүл Турсунбаева 1995-жылдан бери бул тармакта эмгектенет. 1 ай мурдагы айлык акысы 17-18 миң сомдун тегерегинде болсо, апрелге карата 30 миң сом колуна алды.