Кийинки жылдан баштап Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынды. Бул боюнча Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Себеби, Ысык-Көлдүн тазалыгына анын жээгиндеги зонада жайгашкан ишенимдүү тазалоочу курулмалары жок жүздөгөн пансионаттар, эс алуу үйлөрү тазалыкка терс таасирин тийгизүүдө. Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, Министрлер Кабинети жаңы жылга чейин комплекстүү мамлекеттик программа иштеп чыгып, бекитиши керек.
Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар, калктуу конуштар Көлдү булгоонун негизги булактары. Андагы ишканалар саркынды сууларды, калдыктарды дарыяларга, айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда.
Мындай көрүнүшкө тазалоочу курулмалардын жоктугу же тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербегени себеп болууда. Бүгүнкү күндө жеке пансионаттардын көпчүлүгү, эс алуу үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес. Жыйынтыгында көлгө органикалык, химиялык кошулмалары бар саркынды суу кошулуп жатканы өкүнүчтүү.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көл мурдагыдан да коргоого жана аяр мамиле кылууга муктаж. Мындан улам Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Өлкө башчы социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок эс алуучу жайлардын баары жабыла турганын эскертти.