Жаңылыктар
Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө атайын прогрмма ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүүгө атайын прогрмма ишке кирди

2022-2025-жылдарга  карата Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке  ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. 

Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин  төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Программанын  максаты, адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын  илгерилетүүгө багытталган. Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын  системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп  саналат.

 Кабыл алынган  программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

 – адамдарды  сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо  максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра  жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү  мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;

 – адамдарды  сатуунун алдын алуу;

 – адамдарды  сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;

 – адамдарды  сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;

 – адамдарды  сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти  координациялоо.