Бардык аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары 2022-жылдын 25-27-апрелинде «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларына үйрөнүү боюнча маалыматтык-окуу тренингине катышат.
Окутуу КР Президентинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин «Infodocs» автоматтык маалымат тутумундагы электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүүгө багытталган.
Жалпысынан окууга 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышат. Окутуу облустардагы жогорку окуу жайлардын жана Ж.Абдрахманов атындагы КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда жүргүзүлөт.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, шаардык калкты тейлөө борборлорунун жетекчилери жана кызматкерлери тартылган. Окутуунун алкагында муниципалдык кызматкерлерге «Е-Кызмат» жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү боюнча маалымат берилет. Тренингдин жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүүнүн автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.