Жаңылыктар
Элчи Кадыркулов кыргызстандыктарды азырынча Украинага келбей турууга чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Элчи Кадыркулов кыргызстандыктарды азырынча Украинага келбей турууга чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды азырынча Украинага келбей турууга чакырды. 

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда Украинадагы элчилик Батыш Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүрүп жатат. 

"Акыркы аптада Украинадан дагы 7 жаранга учак билеттер алынып, Кыргызстанга эвакуацияланышты. Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла башташты. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу жүрүп, шаарларда коменданттык сааттар уланууда. Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Дал ушундай сунушту азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат. Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар! Баардыгыңыздарга аманчылык каалайм", - деген элчи өз билдирүүсүндө.