2020-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражаттар менен трансфертерди эске алганда 8 миллиард 457 миллион сомду түзгөн. Болжол менен бекитилген каражат 9 миллиард 477 миллион сом болсо, киреше бөлүгү 1 миллиард 19 миллион сомго аз аткырылып, ал 89,2%ды түзгөн. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын шайкештик аудит жөнүндөгү отчетунда айтылды.
Ал эми чыгаша бөлүгү жылдын башында 10 миллиард 231 миллион 972 миң сом өлчөмүндө бекитилсе, ал жыл ичинде 9 миллиард 656 миллион сомду түзүп, 1 миллиард 363 миллион 936 сомго кем аткарылган. 2019-жылы план боюнча бюджеттик киреше бөлүгү 8 миллиард 755 миллион сом болсо, иш жүзүндө 8 миллиард 479 миллион сомду түзүп, 96,8%га аткарылган. Ал эми чыгаша бөлүгү план боюнча 9 миллиард 187 миллион сом деп бекитилген. Жыл ичинде чыгаша 8 миллиард 720 миллион сом болгон. Бардыгы болуп, 6 миллиард 391 миллион 555 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталган.