Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан жасалма АКШ долларын ташуу жана сатуу боюнча эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад облусунда туулган 39 жаштагы жаран 11,5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.
Тактап айтканда, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган. «Кармалган жаран кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылат маалыматта. Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.