Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин иши менен таанышты. Эдиль Байсалов Кыргызпатенттин басылмаларынын көргөзмөсүн көрүп чыгып, анын жамааты менен жолугушту.
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева аткарылган иштер боюнча отчет берип, агенттиктин ишмердүүлүгү жана анын жетишкендиктери боюнча бетачар сунуштады. Анын маалыматы боюнча, 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору жана Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоого багытталган “40 район – 40 демилге” долбоору иштелип чыккан.
Эдиль Байсалов жамаатка кайрылып, мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттерин белгилеп, Кыргызпатент инновациялык орган катары жалпы Министрлер кабинетинин акыл калчоо борбору катары өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган иштерди алып баруусу керектигин билдирди. «Агенттик тарабынан иштелип чыккан жогорку потенциал алдыңкы багыттарга жана долбоорлорго багытталышы зарыл, Министрлер Кабинети сиздерден жаңы демилгелерди күтөт», - деди Эдиль Байсалов.