Жаңылыктар
Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри кызматынан бошотулду. Казакбаев бул кызматка 2021-жылдын февраль айында дайындалган. 

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир кол койгон жарлыгына ылайык, Жээнбек Кулубаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жээнбек Кулубаев буга чейин Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.