Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары "Кумтөр" кенине барып, комитет жыйынын өткөрүштү.
Депутаттар калдык сактоочу жайды, алтын ылгоочу фабриканы, кен чыгуучу жерди жана ири техникаларды оңдоочу жайды көрүп чыгышты.