Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сары-Дөбө орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин эки бөлмөсү, коридору, чатыры жана эки класстык бөлмөсүнүн айрым жерлери күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.