Жаңылыктар
Кыргызстанда 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет

23-апрелде Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет. Буга байланыштуу 22-апрелде өлкөнүн бардык аймактарында, китепканалардын жана коомчулуктун катышуусунда масштабдуу иш-чаралар өтөт. 

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев билдирди. Иш-чаранын максаты - окурмандарды китеп окууга кызыктырып тартуу жана эл арасында китепти даңазалоо болуп жатат.