Жаңылыктар
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү

Быйылкы ажылык сапарга Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлгөнүн Кыргызстандын Мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирди. Муфтият 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек экенин эскертти. 

Ажыга барчулардын жаш курагы 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана бул инфекциядан таза экенин тастыктаган тести бар адам болушу керектиги белгиленди. Дүйнөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ажылык сапарга бара элек. 

Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар деп аныкталган. Ажылык мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири болуп эсептелет. Бул жылы ажылык июль айында башталат деп болжолдонууда.