Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 380 906 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам - 612 159 жүргүнчүлөр агымын түзгөн.
2022-жылдын 1-январынан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылды. Алардын 5 824 – эл аралык, 3 232 – ички каттамды түздү. Эл аралык «Манас» аэропорту 5 786 каттамды тейледи.
Алардын 1 665 – ички, 4 121 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 553 579 кишини түздү. Алардын 191 554 – ички, 362 25 – эл аралык. «Ысык - Көл» эл аралык аэропорту 89 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 73 - эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 10 208 кишини түздү. Алардын 8 – ички, 10 миң 200 – эл аралык багытта. «МЭА» аба майдандын Ош филиалы 3 181 каттамды тейледи. Алардын 1 551 – ички, 1 630 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 429 278 кишини түздү. Алардын 189 344 – ички, 239 934 – эл аралык багытка туура келет.