Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, 1 507 адам Кыргызстандын атуулу болуп катталды. Анын 1 173ү чоңдор жана 334ү балдар. Алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөрү белгиленген. 

Ошол эле учурда 157 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган. Алардын 128и чоңдор жана 46сы балдар.