Жаңылыктар
УКМК: Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматынын орун басары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматынын орун басары кармалды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын орун басары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 

Маалыматка ылайык, тергөөчү "Опузалап пара алуу" беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында кармалды. 

Коопсуздук кызматына буга чейин бир жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган. 

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча жаранга карата Сокулук милициясы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан. 

19-апрелде саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын орун басары кармалды. 

Кармалган кызматкер УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.