Жаңылыктар
Эки өлкөнүн лидери Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Кыргызстан жаңылыктары
Эки өлкөнүн лидери Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 20-апрелде, расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. 

Документте,- “Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы, эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достук салтына жана боордоштук мамилелерине негизделип, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жана 2012-жылдын 30-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Азербайжан Республикасынын Президентинин биргелешкен билдирүүсүн жетекчиликке алып, артыкчылыктуу маселелерди натыйжалуу чечүү жана эки тараптуу өнөктөштүк мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка жааттардагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

– мамлекет башчыларынын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү;

– ушул Меморандумга тиркелген Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндө жобону бекитүү”,- деп айтылат.