Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. 

Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү. Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу жүрүшү болду.

Расмий жолугушуу аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.