Лизингди өнүктүрүү боюнча ЕАЭБдин Кыргызстан үчүн бизнес-миссиясы июнда өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чара 8-11-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде Россия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армениянын расмий, каржылык уюмдарынын жана компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болору айтылды.
Бизнес-миссиянын алкагында лизинг боюнча кыргыз-россиялык конференция, санарип трансформация жана "жашыл экономика" боюнча отурумдар болмокчу. Практикалык бөлүмдөр, анын ичинде "Лизинг алуучунун мектеби" өтүп, катышуучулар лизингде өз ара иштешүү, субсидиялар, төлөмдөр курч суроолор боюнча практикалык кеп-кеңештерди алышат.
Аталган бизнес-миссияны "Лизинг-Евразия" эл аралык ассамблеясынын алкагында, РФтин Соода-өнөр жай палатасынын лизинг боюнча кичи комитети, Каржылык өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши, "Лизингдик союз" уюму, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда.